Кыргызстанда бир апта ичинде 7 миллионунчу жаран төрөлөт

Ушул жылдын август айынан баштап калктын саны 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыктарынын негизинде эсептелине баштады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн негизинде ушул жылы Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жете тургандыгы аныкталган. Улутстаткомдун баалоосу боюнча 2022-жылдын 1-августуна карата республиканын туруктуу калкынын саны 6 977 миң адамды, ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 миллион 995 миң адамды түзгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген ыкчам маалыматтарды эске алуу менен өлкөнүн 7 миллионунчу жаранынын болжолдуу төрөлө турган күнүн эсептөөгө киришти. Эсептелген маалыматтар боюнча бул маанилүү окуя 20-октябрга чейин болушу керек.