Кыргызстанда бир жумада 895 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда бир жумада 895 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Чүй облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Акылбек Исаев билдирди.

Анын айтымында, бейтаптардын көбү оорунун жеңил түрү менен ооруп, амбулатордук дарыланууда.