Кыргызстанда бир жылда нандын баасы 10 пайызга кымбаттады

24-ноябрга карата нанга болгон баа республика боюнча орточо эсеп менен 52,76 сомду түздү жана өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 9,9 пайызга жогорулады. Ал эми жапма нандын 1 килограммы 76,38 сомду түзүп, 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18,1 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Ошол эле учурда, нандын максималдуу чекене баалары Ноокат (69,57 сом), Токтогул (70,07 сом), Кара-Суу (75,63 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми минималдуу баалар Каракол (41,73 сом), Токмок (45,66 сом) жана Кара-Балта (49,42 сом) шаарларында катталды. Жапма нандын чекене баасы орточо республикалык деңгээлден жогору болуп Өзгөн (93,28 сом), Балыкчы (93,67 сом) жана Кербен (107,17 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми минималдуу баалар Каракол (47,47 сом), Нарын (62,90 сом) жана Токмок (65,51 сом) шаарларында байкалды.

Өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу нанга болгон баанын эң көп өсүшү Талас — 28,6 пайызга, Токтогул — 25 пайызга жана Кара-Балта шаарларында — 15 пайызга кымбаттаган, ал эми наабай нанга Токтогул  39,1 пайызга, Өзгөн — 21,3 пайызга жана Бишкек шаарларында — 21,1 пайызга катталды.