Кыргызстанда бир суткада курч респиратордук вирус жана сасык тумоо менен 9,8 миң адам катталды

Сутка ичинде курч респиратордук вирустук инфекциялардын 9788 учуру, сасык тумоонун 21 учуру катталды. Мындай маалыматты 14-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлиги таратты. 

Бул өткөн суткадагы көрсөткүчтөн 1,3 эсеге көп (13-декабрга карата курч респиратордук вирустук инфекциялардын 7774 учуру жана сасык тумоонун бир учуру).

5-декабрдан 11-декабрга чейин 13 миң 993 курч респиратордук вирустук инфекция жана 85 сасык тумоо катталган. Бардык оорулардын 68,7 пайызы 14 жашка чейинки балдар (9669 учур).

Сасык тумоо учурлары туруксуз аба ырайынан келип чыгышы мүмкүн, бул организмдин коргонуу күчүн төмөндөтүп, оорунун өсүшүнө шарт түзөт.