Кыргызстандык дары-дармек өндүрүүчү компания ЕАЭБдин GMP сертификатын алды

Биринчи жолу Кыргызстандык “Идеал-фарм” дары-дармек өндүрүүчү жоопкерчилиги чектелген компаниясы Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына жооп бергендигин тастыктоочу сертификат алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта “Идеал-фарм” компаниясы 75% жана 95%дык медициналык спирт  эритмесин өндүрөт. Компания өлкө боюнча алгачкылардан болуп Евразия экономикалык биримдигинин стандарттарын практикада колдонгон компания болуп калды. ЕАЭБдин мыйзамына ылайык, ЕАЭБ GMP сертификаты ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү учурунда таанылат жана ЕАЭБ базарына дагы, башка өлкөлөргө дагы кирүүгө мүмкүнчүлүк берет”,- деп айтылат.

Белгилей кетсек, GMP сертификаты — бул ишканада өндүрүш процессинин GMP стандартына шайкештигин тастыктаган документ болуп эсептелет. Ал өндүрүш процессине, өндүрүштүк жайлардын тазалыгына, чийки заттын сапатына жана продукциянын сапатын контролдоо методдоруна өзгөчө талаптарды белгилейт.