Кыргызстанда биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды

Бүгүн, 30-августта Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ички органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операция ийгиликтүү жасалган Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды.

Оорукана жетекчилиги мекеме мындай операцияларды толугу менен ишке ашыра баштаганын, бул үчүн ооруканага квалификациялуу медициналык кызматкерлер тартылып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө теңдеши жок заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылганын билдирди. Мындан тышкары учурда Түркиядан келген 140 медициналык адис Кыргызстанда эки-үч жыл иштеп, жергиликтүү дарыгерлерди иш жүзүндө үйрөтүшөт. Бул мезгилде ата мекендик адистер тажрыйба топтоп, бөйрөк алмаштыруу операцияларын өз алдынча жасай башташат.

Мамлекет башчысы биринчи жолу ички органдарын трансплантациялоодон өткөн бейтаптарды көрүп, алардын ден соолугунан, ал-акыбалынан жана медициналык мекемеде болуу шарттарынан кабар алып, алардын тез сакайып кетишин каалады. «Чет өлкөдө 50-60 миң доллар өлчөмүндө эбегейсиз чыгым болсо, Кыргызстанда ушундай операцияга 10 миң долларга жакын каражат керектелет. Мындай арзан баада ата мекендик адистер башка өлкөлөрдөн келген бейтаптарды да тейлей алышат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда гемодиализ алган 2600дөй бейтап бар, ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6,5 миң сомдон бөлөт. Ошентип, жыл ичинде бул процедураларды төлөөгө мамлекеттик бюджеттен 2,5 миллиард сомго жакын каражат бөлүнүүдө. Эми өлкөдө ички органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды жасоо мүмкүнчүлүгү түзүлүп, бул бюджеттик каражаттар башка социалдык долбоорлорду ишке ашырууга багыттаса болот», — деп айтылат маалыматта.