Кыргызстанда биринчи жолу казино ачууга лицензия берилди

Кыргызстанда биринчи жолу казино ачууга лицензия берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каржы көзөмөл органынын сайтында айтылат.

Документтерди «ГРАНД КАЗИНО» алган. Лицензия үчүн 84 миллион сом төлөгөн.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компаниянын жетекчиси жана негиздөөчүсү Адилет Абдыманапов. Фирма өткөн жылдын ноябрь айында Бишкекте катталган.