Эмгек министрлигинин алдындагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин чеберлери булчуңдардын импульсунун жардамы менен иштеген өлкөнүн тарыхында биринчи жолу толук кандуу протездик кол даярдашты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Бул факты республиканын протездөө тармагындагы технологиялык жетишкендик болуп саналарын айтышты.