Кыргызстанда боор трансплантациясынан кийин биринчи донор үйүнө чыгарылды

Бүгүн, 25-июнда Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөбүздө боорду трансплантациялоо операциясынан кийин биринчи донордун ооруканадан чыгарылганын билдирет. Акыркы 15 күндүн ичинде адистер – хирургдар, трансплантологдор, гастроэнтерологдор жана реаниматологдор боору трансплантацияланган бейтаптардын абалын көзөмөлдөштү.

Күнүмдүк эртең менен жана кечки текшерүүлөр, анын ичинде гемодинамикалык жана биохимиялык анализдер, ошондой эле УЗИ жана компьютердик томографиялык изилдөөлөр жакшы жыйынтыктарды көрсөттү. Донорлордун жана реципиенттердин боорлору иштеп жатат: реципиенттердин биринде трансплантацияланган боор 450-500 граммдан 800 граммга, экинчисинде 1 килограммга чейин өскөн, бул операциялардын оң натыйжасын көрсөтүп турат.