Кыргызстанда былтыр аялдар арасында бейбаштык, эркектер арасында уурулук эң көп кездешкен

2020-жылы кылмыш жана жорук жасаган 24 миңден ашык адам аныкталган, бул 2019-жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп. Акыркы беш жыл ичинде аялдар арасында да, эркектер арасында да кылмыштардын жана жоруктардын эң көп саны 2020-жылы болгон. Бул негизинен 2020-жылы COVID-19 пандемиясынын учурунда чектөөлөрдүн киргизилиши менен шартталды. Мындай маалыматтарды Улуттук статистикалык комитет жарыялады.

Андагы маалыматка ылайык, кылмыштарды жана жоруктарды жасагандардын жалпы санынын 17 пайыздан ашыгы аялдарга жана 83 пайызга жакыны эркектерге туура келди.

2020-жылы кылмыштардын жана жоруктардын эң көп саны 29 жаш жана андан улуу курактагы топтогу адамдар тарабынан жасалган, бул жалпы кылмыш жана жорук жасап кармалгандардын үлүшүнө 68 пайыздан ашык туура келет. Андан кийинки 18-24 жаштагылар — 15 пайыздан ашыгы, 25-28 жаштагылардын үлүшүнө 12 пайыздан ашыгы туура келди. Ал эми 14-17 жаш курактагы топтун үлүшүнө 4 пайыздан ашыгы кылмыш жана жорук жасагандар түздү.

«Кылмыштуулуктун эң көп таркалышы аялдар арасында бейбаштык (мыйзам бузган аялдардын жалпы санынын 26 пайызы), уурулук (20 пайыз) жана алдамчылык (13 пайызга жакыны) болуп саналат. Эркектерди алсак, алар уурулук (мыйзам бузган эркектердин жалпы санынын 23 пайызга жакыны) жана бейбаштык (16 пайыз) менен көбүрөөк кылмыш кылышат»,- деп айтылат маалыматта.