Кыргызстанда чогултулган электробус ишке кирүү алдында турат

Steel drake каймана аты бар инженер-дизайнер электробустун жаңы долбоорун Фейсбук баракчасына чыгарды.

«Электробустун дизайны Кыргызстанда жасалып, долбоор ишке ашырылуу алдында турат. Бул долбоорго оңой эмес эмгек кетти. Кала берсе мындай деңгээлдеги долбоор мамлекеттин аброюн көтөрөт. Эл биринчи чыккан Белести көрүп калды, калганын ишке ашырууга Мирбек Аскалиевге ийгилик жана күчтүү эрк каалайм», — деп жазган инженер.

Жылдын башында «Белес» компаниясынын генералдык директору Мирбек Аскалиев Кыргызстанда адамдарды ташуучу алгачкы автобус чыгарылганын билдирген.