Кыргызстанда дайынсыз болуп жаткан өзбекстандык кыз табылды

24-июнь күнү Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тарабынан Өзбек жараны 2003-жылы туулган Бахрамова Севинч Шерзод кызы дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган. Анда 3-май күнү 18 жаштагы Севинч Кыргыз Республикасынын аймагына кирип, бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз экендиги белгиленген.

«Бул маалымат коомчулукка жарыяланган соң кайдыгер эмес жарандар тарабынан кыздын кайда жүргөндүгү тууралуу маалыматтар берилип, анын натыйжасында дайынсыз болуп жаткан кыз Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери тарабынан табылып, чоң энесине өткөрүп берилди. Небереси табылганына кубанып турган чоң эне милиция кызматкерлерине, ЖМК өкүлдөрүнө жана жалпы кыргыз коомчулугуна ыраазычылык билдирди», — деп айтылат маалыматта.