Кыргызстанда динозаврдын калдыктары табылды (сүрөт)

Кыргызстан менен Германиянын палеонтологдорунун кызматташтыгынын жыйынтыгы менен Кыргызстанда теропод динозаврынын калдыктары табылган. Бул Борбор Азиядагы эң маанилүү ачылыштардын бири. Бул тууралуу Илимдер академиясынан билдиришти.

Тероподдор — Тираннозавр жана Аллозавр сыяктуу белгилүү жырткычтар, динозаврлардын эң маанилүү чоң топторунун бири.

Изилдөө процессинде Алпкаракушка (Alpkarakush) тиешелүү бардык сөөктөрдүн санариптик фотогамметриялык 3D-моделдери түзүлдү. «Бул моделдерге азыр онлайн жеткиликтүү жана дүйнө жүзү боюнча изилдөөчүлөргө кийинки изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана 3D-басып чыгарууга мүмкүндүк берет», — дейт авторлордун бири, доктор Оливер Уингс, Бамберг Табигый тарых музейинин директору.

Табылга кыргыздын «Манас» баатырдык эпосунда кездешүүчү мифтик канаттуу Алпкаракуштун атынан коюлду, ал каардуу учурларда баатырларга көп жардамга келет. Эгерде колдоочулар болуп, бул долбоорго каражат бөлүнсө, рептилиянын реконструкциясын, оригиналдуу сөөктөрүн Бишкектеги Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде көрсөтүүгө болот.