Кыргызстанда дрон менен жол кыймылынын эрежеси көзөмөлдөнүүдө

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан атайын тесттик режиминде жол-унаа кырсыктардын алдын алуу жана адам өлүмү менен коштолгон оор кесепеттерди азайтуу максатында дрон менен байкоо жүргүзүү программасы ишке кирүүдө.

Акыркы учурда жол-унаа кырсыктары көп болгонуна байланыштуу Кыргызстандын бардык аймактарында Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас, Баткен, Ош жолдорунда тесттик режимде дрон учуруп, байкоо жүргүзүү менен иш алып барылууда. Учурда дрон менен байкоо жүргүзүү программасы Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда, Ош — Кара-Суу жана Бишкек-Ош, Ош — Сары-Таш — Эркештам, Ош-Раззаков эл аралык маанидеги автожолдордо, карама-каршы тилкеге чыккан жана озуп өтүү эрежесин бузган айдоочуларга карата колдонулууда.