Кыргызстанда эл аралык көп функционалдуу бажы-логистикалык борбору курулат

Аламүдүндө 21 миллион долларга Борбор Азиядагы эң чоң “Global hub” көп функционалдуу бажы-логистикалык борбору курулат. Анын пайдубалына мезгил кутучаны Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев салды.

Адылбек Касымалиев “Global hub” бажы-логистикалык борбору – эл аралык жана аймактык сооданы колдоо менен Борбор Азиянын логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү звено боло турган стратегиялык долбоор экенин билдирди.

Белгилей кетсек, “Global hub” көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун жалпы аянты 136 миң чарчы метрден ашат, анын 120 миң чарчы метрин супер кампалар түзөт. Супер кампаларда — температуранын туура болушу, тамак-аш жана башка тез бузулуучу жүктөр үчүн атайын муздаткычтар, өлкөгө канчалаган дары-дармектер кирет, аларды сактоо үчүн складдар эл аралык стандарттарга жооп берет. Ошондой эле, кургак кампалар, бондалык кампалар болот.

Маалым болгондой, инвестициялык долбоорду ишке ашыруучу тарап “Алканов Групп” ЖЧКсы.