Кыргызстанда эл каттоо 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өткөрүлөт

Министрлер кабинети өлкөнүн калкын жана турак жай фондун жалпы каттоону өткөрүү күнү жөнүндө чечим кабыл алды.

Аны өткөрүүнүн шарттары Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген. Республиканын алыскы аймактарында эл каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин жүргүзүлөт. Ал эми өлкөнүн калган аймактарында — 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин. Эл каттоодон Кыргызстандын бардык жарандары, өлкөнүн аймагында туруктуу жашаган же убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшүндө убактылуу жок болгон кыргызстандыктар өткөрүлөт. Мындан тышкары, алар өлкөнүн аймагында жайгашкан бардык турак жайларды каттоодон өткөрүшөт.

Өткөн жылы жалпы эл каттоо өткөрүлүшү керек болчу. Бирок коронавирустун жайылышына байланыштуу ал белгисиз мөөнөткө жылдырылган.