Кыргызстанда эркектердин ден соолугунун бир айлыгы башталды

Саламаттыкты сактоо министрлиги 18 жаштан жогорку курактагы эркектер арасында “Жооптуу бол!” республикалык бир айлыктын башталганын жарыялайт.

Февраль айынын ичинде эркектерге медициналык кеңеш алуу үчүн жергиликтүү баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына баруу сунушталат.

Бир айлыктын негизги максаты — жугуштуу эмес ооруларды жана алардын татаалданышын алдын алуу, ошондой эле бул ооруларды алгачкы стадияларында аныктоо үчүн Кыргызстандын эркектерин баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерине тартуу. Өткөн жылкы бир айлыктын алкагында өлкө боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына 367 миңден ашык эркек кайрылган. Алардын ичинен 79 миң эркек баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына буга чейин эч качан барышкан эмес же акыркы 3 жылда биринчи жолу кайрылышкан.