1-январдан тартып мунай зат (майлоочу майларды кошпогондо), алкоголь жана тамеки продукцияларынан тышкары, товарлардын бардык түрлөрү үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТН) милдеттүү түрдө колдонуу жокко чыгарылды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Ошондой эле, 2027-жылдын 1-январынан тартып ЭТТН дары-дармектер жана медициналык буюмдар үчүн милдеттүү түрдө колдонулат.
Негизги өзгөрүүлөр:
Мамлекеттик салык кызматынын ЭТТн модулунан мунай зат, алкоголь жана тамеки продукцияларын кошпогондо, бардык товарлар эсептен чыгарылат. Мунай зат, алкоголь жана тамеки продукциялары жок виртуалдык кампалар өчүрүлөт.
2026-жылдын 1-апрелине чейин салык төлөөчүлөр алкоголь жана тамеки продукциялары үчүн ЭТТН модулундагы документтерге маркалоо коддорун көрсөтүүдөн убактылуу бошотулат.
Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун алкагында патенттин негизиндеги иштин жаңы түрү киргизилди — бул базарлардын жана кичи базарлардын аймагында жайгашкан турак эмес аянттарды соода иши үчүн ижарага берүү. Салыктын өлчөмү 1 чарчы метр үчүн белгиленген ставка боюнча эсептелет.
2025-жылдын 1-майынан тартып электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) товар жеткирилген күндөн тартып (калкка сатуу учурларын кошпогондо) 5 күндүн ичинде таризделиши керек.
0 %, 0,1 %, 0,5 % жана 1 % ставка менен бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча, ошондой эле өзгөчө режимдеги зоналарда соода ишин жүргүзгөн салык төлөөчүлөр эми электрондук эсеп-фактуранын ордуна кагаз түрүндөгү жөнөкөйлөтүлгөн эсеп-фактураны колдоно алышат.
Электрондук эсеп-фактураны тариздөөчү салык төлөөчүлөр аларды кагаз түрүндө басып чыгарып, товарларды сатып алуу фактысын ырастоо үчүн сатып алуучуларга (Электрондук эсеп-фактура тутумуна катталбаган) берүүгө милдеттүү.
2025-жылдын 1-октябрына чейин салык төлөөчүлөр жөнөкөйлөштүрүлгөн эсеп-фактураны кагаз түрүндө тариздей алышат. Бул күндөн тартып электрондук-кагаз түрүндөгү эсеп-фактурага этап-этабы менен өтүү башталат.