Кыргызстанда Европа тасмаларынын фестивалы өтөт

Бүгүн, 22-мартта өлкөдө Европа бирлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган салттуу Европа тасмаларынын фестивалы башталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестиваль 22-28-март аралыгында онлайн түрүндө өтөт. Ал аралыкта кыргызстандыктар www.euin.kg платформасында Европа бирлигинин өлкөлөрүнүн 11 тасмасын жана айлана-чөйрөнү коргоо темасындагы 8 кыска метраждуу тасмаларды акысыз жана каттоосуз көрө алышат. Себеби бардык фильмдер орусча же англисче субтитрлер менен коштолуп көрсөтүлөт.

«Тилекке каршы, COVID-19 пандемиясынын айынан 2020-жылы салтка айланган Европа тасмаларынын фестивалы өткөрүлбөй калды. Быйыл аны кайрадан жандандыруу ниетибиз бар, бирок коронавирус коркунучу сакталып тургандыктан кинотеатрда аны уюштуруу көйгөй жаратууда. Ошондуктан, биз бул фестивалды виртуалдык форматта өткөрүүнү туура таптык. Бир жагынан майрамдык маанайдын жоктугу өкүнүчтүү — чоң кинозал, жаркыраган жарыктар, көрүүчүлөр жана башкалар. Бирок онлайн форматтын дагы жакшы жактары бар — тасмаларды үйүңүздөн чыкпай эле көрө аласыз. Иш-чара сөзсүз кызыктуу болот”, — деп алдыдагы иш-чараны жарыялап жатып Европа бирлигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр билдирди.

Ошондой эле фильмдерден тышкары эксклюзивдүү талкуулар, чеберлер-классы жана европалык киноишкерлер менен жолугушуулар болот. 22-24-мартта Бишкекте сценарий жазуунун техникасы боюнча бельгиялык адис Доменико Ла Портанын үч күндүк чеберлер-классы өтөт, 25-мартта италиялык эксперт Андреа Рокко кино комиссиялардын иши жана кино искусствону каржылоо жөнүндө айтып берет, 26-мартта италиялык спикер Карло Д’Урси нөлдөн баштап кино тартуу боюнча онлайн семинар өткөрөт.

Кинофестивалдын бардык иш-чаралары жөнүндө кулактандыруулар Европа бирлигинин Кыргызстандагы баракчасынын Facebook платформасында жарыяланат.