Кыргызстанда фейк жаңылыктар тууралуу тамашалуу сериал чыга баштады

Кыргызстанда фейк жаңылыктар тууралуу тамашалуу сериал көрсөтүлө баштады. Бул тууралуу “Медиа Сабак” коомдук фонду соцтармактагы баракчасына жазды.

Видеороликтер Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлигинин каржылык колдоосу менен “Медиа Сабак” коомдук фонду тарабынан даярдалган.

Сериал 17 сериядан турат. Долбоорго кыргызстандык белгилүү актер, актрисалар катышат. Биринчи серияга Айпери Чотонова менен Чыңгыз Султанов тартылган.