Өлкөдө «Ишкер аялды колдо» акциясы башталды

Өлкөдө «Ишкер аялды колдо» акциясы башталды. Анын алкагында элет жергесиндеги аялдар өздөрү өндүргөн товарларын мобилдик тиркеме аркылуу сата алышат. Бул туурасында Бириккен Улуттар Уюумунун аялдар түзүмүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Эки айга созулган акциянын максаты — айыл жергесиндеги аялдар арасындагы ишкерликке коомчулуктун көңүлүн буруу жана алардын өндүрүмдөрүн, кызматын сатып алуу менен экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Уюштуруучулардын айтымында, бул багытта айылдарда бир катар иш-чаралар пландалууда.

«Айым баштайт» уюмдун жетекчиси Асел Кубанычбекова ишкер аялдардын товарларын сатуу үчүн атайын тиркеме иштелип чыгарын белгиледи.

«Социалдык тармактарда «Ишкер аялды колдойлу» аталышында флешмоб өткөрүлөт. Айыл жериндеги ишкер аял өзүнүн баяны жана товарынын видеосу менен бөлүшүп, эстафетаны башкаларга жөнөтөт. Мындан сырткары, аялдардын товарларын сатуу аянтчалары Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулуп, бир апта бою соода кылуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт», — деди Кубанычбекова.

Бул акция БУУ — Аялдар түзүмүнүн «Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» (JR RWEE) программасынын негизинде ишке ашырылып жатат. БУУнун мекемелери, Норвегия жана Швециянын өкмөтү тарабынан каржыланат. Ошондой эле Япония өкмөтү каржылаган «COVID-19 пандемиясы маалында кыздардын жана аялдардын муктаждыгына жооп кайтаруу» долбоору дагы колдоо көрсөтөт.