Кыргызстанда жайкысын электр энергияны керектөөнүн жаңы рекорду коюлду

Энергетика министрлиги Кыргызстанда 24-июль күнү электр энергиясын колдонуу эң жогорку чекке жеткенин билдирди.

«Жай мезгилинде аба ырайы катуу ысыгандыктан улам, калк электр энергиясын ченемден ашык колдонууга өттү. Электр энергиясы эң көп сарпталган учур былтыр июль айында катталып, электр энергиясын суткалык керектөө 38,8 миллион кВтс түзгөн. Ал эми быйыл 2025-жылы 24-июль күнү электр энергиясын суткалык керектөө 44,7 миллион кВтс жетти. Бул — мурунку жай мезгилиндеги рекорддон 15,21  пайызга көп.

Мындай көрүнүш буга чейин Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Эң көп колдонуу Бишкек шаарында катталган: суткалык керектөө 8,9 млн кВтс түздү, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,8 пайызга көп»,— деп айтылат маалыматта.