Кыргызстанда Жаңы жылдын биринчи күнүндө 298 ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Алардын 165и эркек балдар, ал эми 133ү кыздар. Ош облусунда 2 эм төрөлдү. Бишкекте 22 эркек бала, 24 кыз төрөлдү. 2023-жылда жарык дүйнөгө биринчи болуп келген ымыркай Ош шаарындагы перинаталдык борбордо төрөлгөн.