Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталды

Бүгүн, 2-сентябрда өлкөнүн бардык жалпы билим берүү уюмдарында биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Биринчи сабак 1-4-класстарга “Билим – бул күч” темасында, 5-11-класстын окуучуларына “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында өтүлүүдө.

Республика боюнча 2173 мамлекеттик, 204 жеке менчик мектеп бар. Анда 1,5 миллионго жакын окуучу билим алып, 90 миңден ашуун мугалим эмгектенет. 2024-жылы 431 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 27 жаңы мектеп курулду.

Белгилей кетсек, быйыл 1-сентябрь дем алыш күнгө туура келгендиктен, жаңы окуу жылы 2-сентябрдан башталды.