Кыргызстанда жашоо минимуму 6332 сом деп эсептелди

Үстүбүздөгү жылдын II кварталында жашоо минимумунун көлөмү 6 332,05 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 15,6 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын бардык аймактарында II кварталда жашоо минимумунун өсүшү белгиленген. Тактап айтканда, биринчи кварталган салыштырмалуу бул көрсөткүч орто эсеп менен 500 сомго көбөйдү.

Эске салсак, 2021-жылдын биринчи кварталында жашоо минимуму 5840,4 сомду түзгөн.