Кыргызстанда жашоо минимуму 6382 сом деп эсептелди

2021-жылдын III кварталында жашоо минимумунун өлчөмү 6382 сом 69 тыйынды түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 22,2 пайызга өстү. Июль-сентябрь айларында республиканын бардык региондорунда жашоо минимумунун өлчөмүнүн өсүшү белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин сайтына жарыяланды.

«Калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн иштелип чыккан жашоо минимумун түзүмүнө ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү орточо 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлардын — 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөрдүн – 17 пайызды жана салыктардын үлүшү — 2 пайызды түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Эми ушул жылдагы 1 жана 2 кварталындагы жашоо минимумуна көз чаптыралы. Ушул жылдын I кварталында кыргызстандыктардын жашоо минимумунун көлөмү 13 пайызга көбөйүп, 5 миң 840 сом 40 тыйынды түзгөн. Жашоо минимумунун эң жогорку көлөмү Бишкекте, Ош шаарында жана Ош облусунда байкалган. Ал эми  II кварталда жашоо минимумунун көлөмү 6332 сом 5 тыйынды түзгөн жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 15,6 пайызга өскөнү маалым болгон. Кыргызстандын бардык аймактарында II кварталда жашоо минимумунун өсүшү белгиленген. Тактап айтканда, биринчи кварталган салыштырмалуу бул көрсөткүч орто эсеп менен 500 сомго көбөйгөн.