Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Конституциянын долбоору боюнча референдумга добуш берүү аяктады

Кыргызстандын аймагында бүгүн, 11-апрелде саат 08:00дөн тарта Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү. Шайлоо тилкелеринин эшиги саат 20:00дө жабылды.

Ал эми чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелери ошол жердин убактысы менен саат 08:00 — 20:00 аралыгында ачык болот.

Референдум өттү деп тааныш үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын 30 пайызынан көбү референдумда добуш бериши керек.

Шаардык кеңештерге талапкерлерин көрсөткөн партиялардын саны:

— Ош шаарында 9;

— Ноокат шаарында 5;

— Өзгөн шаарында 7.

— Жалал-Абад шаарында 5;

— Кербен шаарында 5;

— Көк-Жаңгак шаарында 3;

— Майлуу-Суу шаарында 5;

— Кочкор-Ата шаарында 5;

— Кара-Көл шаарында 7;

— Базар-Коргон шаарында 5.

— Баткен шаарында 9;

— Кызыл-Кыя шаарында 12;

— Сүлүктү шаарында 7;

— Кадамжай шаарында 11;

— Айдаркен шаарында 8;

— Исфана шаарында 9.

— Талас шаарында 11.

— Нарын шаарында 9.

— Каракол шаарында 17;

— Балыкчы шаарында 14;

— Чолпон-Ата шаарында 7.

— Кемин шаарында 9;

— Орловка шаарында 5;

— Шопоков шаарында 7;

— Кайыңды шаарында 6;

— Кант шаарында 10;

-Токмок шаарында 5.