Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Конституциянын долбоору боюнча референдум башталды

Кыргызстандын аймагында бүгүн, 11-апрелде саат 08:00дө шайлоо тилкелери ачылды. Жарандар жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана Конституциянын долбоору боюнча референдум үчүн добуш беришет.

Бул күнү 28 шаардык 420 айылдык кеңештердин депутаттары шайланат.

Шайлоо тилкелери 20:00гө чейин ачык болот. Ал эми чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларында добуш берүү жергиликтүү убакыт менен саат 08:00 — 20:00 аралыгында жүргүзүлөт.

28 шаардык кеңеште 796 депутат шайланат.

Шаардык кеңештерге талапкерлерин көрсөткөн партиялардын саны:

— Ош шаарында 9,

— Ноокат шаарында 5,

— Өзгөн шаарында 7;

— Жалал-Абад шаарында 5,

— Кербен шаарында 5,

— Көк-Жаңгак шаарында 3,

— Майлуу-Суу шаарында 5,

— Кочкор-Ата шаарында 5,

— Кара-Көл шаарында 7,

— Базар-Коргон шаарында 5;

— Баткен шаарында 9,

— Кызыл-Кыя шаарында 12,

— Сүлүктү шаарында 7,

— Кадамжай шаарында 11,

— Айдаркен шаарында 8,

— Исфана шаарында 9;

— Талас шаарында 11;

— Нарын шаарында 9;

— Каракол шаарында 17,

— Балыкчы шаарында 14,

— Чолпон-Ата шаарында 7;

— Кемин шаарында 9,

— Орловка шаарында 5,

— Шопоков шаарында 7,

— Кайыңды шаарында 6,

— Кант шаарында 10,

-Токмок шаарында 5;