Жейрендер 5 улактуу болду. Бул тууралуу Биология институтунун омурткалуу жаныбарлар лабораториясынын башчысы Аскар Давлетбаков.
Анын айтымында, 28-30-апрель күндөрү кыргыз жейрендеринин алгачкы төлү туулган.
Жейрендер Кыргызстанга 2021-жылдын аягында алынып келинген, алар Ысык-Көлдө багылууда, анткени акыркы 20-30 жылдан бери алардын эң көп популяциясы ошол жерде болгон. 2005-жылга карата богок жейрендер Кыргыз Республикасынын аймагында толугу менен жок болгон. Өзбекстандан 15 баш жаныбар жеткирилген.