Кыргызстанда жолдорду оңдоо иштери кандай жүрөт? Бул суроого жооп бир кадр менен…

Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү (Токтогул менен Москва көчөлөрүнө жакын жайгашкан) тар көчөдөгү жолдун жасалышы социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жаратып жаткан чагы. Интернет колдонуучусу жеке баракчасына эки сүрөт жарыялаган. Анда көчөдөгү жолдун жасала элегинде жана жасалгандан кийинки айырмачылык чагылдырылган.

Колдонуучу сүрөттүн алдына «Эки күн мурун жасалган жол» деп жазды.