Өлкөдө жыл башынан бери цефтриаксон препаратынан болгон анафилактикалык шоктон 1 адам көз жумду

Кыргызстанда жыл башынан бери цефтриаксон препаратынан болгон анафилактикалык шоктун 9 учуру катталып, анын кесепетинен бир адам көз жумган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, дарыга жагымсыз реакциянын бешөө үй шартында колдонгондо болгон. Бейтаптарга препаратты чакыртылган медайымдар, кошуналар кандын эч кандай анализи алынбай, медкызматкерлердин кароосу жок жасаган. Адистер анафилактикалык шок болгон учурлардын арбышына антибактериалдык препараттардын көзөмөлсүз, туура эмес пайдалануу себепкер болуп жаткандыгын белгилешкен.

Министрлик дарыларды саюу дарыгердин тыкыр көзөмөлүндө жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын процедуралык кабинеттеринде гана жасалышы керектигин эскертти.