Кыргызстанда жыл сайын тамеки чегүүдөн улам пайда болгон оорулардан 6 миңден ашуун адам көз жумат

Кыргызстанда жыл сайын тамеки чегүүгө байланышкан ар кандай оорулардан 6 миңден ашуун адам каза болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда каза болгондордун 70 пайызга жакыны инфекциялык эмес оорулардан: жүрөк-кан тамыр, онкологиялык жана бронхопульмоналдык оорулардан көз жумушат. Министрлик тамекини колдонуу жынысына, жашына, расасына, маданиятына жана билимине карабай, ар бир адамдын ден соолугуна коркунуч туудурарын кошумчалады.

Улуттук онкология жана гематология борборунун бөлүм башчысы Турусбек Абдылдаев онкология оорусу жыл сайын өсүп жатканын жана бул тамеки чегүүгө түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. «Акыркы жылдары өпкө рагы өлкөдө өлүмдүн саны боюнча 4-орунда турат. Жаштар кальян, электрондук тамеки сыяктуу ар кандай тамекинин түрүн чегүүгө кызыгышат», — деди ал.