Кыргызстанда жүрөккө жасалуучу бекер операция. Бейтаптар кайда кайрылса болот?

Surgeon Inserting Tube Into Patient During Surgery

31-октябрда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради менен жолугушкан. Жолугушууда Арабиядан келген дарыгерлер Кыргызстанда жүрөккө бекер операция жасоо кампаниясын өткөрүүнү көздөп жаткандыгы маалым болгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева менен байланышканыбызда, алдын ала тизме түзүлгөнүн айтты. «Алар балдарга эмес, чоң кишилерге операция жасашат жана аз камсыз болгон жарандар тандалат», — деди ал. 

Редакция Жүрөк хирургиясы илим-изилдөө институтунун директору Кубатбек Урманбетов менен байланышканыбызда, операция жасатууну каалагандар институтка барып, тизмеге кирсе болорун айтты. «Мен да айтып коёюн, операция балдарга эмес, чоң кишилерге жасалат. Жалпы 100 адамга орун берилген. Алардын ичинен 80 адамга стент коюлат, ал эми 20 адамга ачык операция жасалат. 4 бригада келери күтүлүп, азыр тизме түзүлүп жатат. Алдын ала тизме жиберилген, бирок алар өзүлөрү тандап алышат. Операцияга колдонулган материалдар бекер болот, ал эми дарыланууга акча төлөшөт. Биздин институтка келип, каттоого турушса болот», — деди жетекчи.