Кыргызстанда мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда жүзүн толук жапкан кийим кийүүгө тыюу салынды. Мыйзамды бузгандарга 20 миң сом айып пул салынат.
Мыйзамга Садыр Жапаров кол койгон. Эми бетти толугу менен жабуучу беткаптар, диний кийимдер, жоолуктар, шлемдерди кийүүгө мүмкүн эмес.
Тыюу салынбаган жагдайлар бар. Мындай өзгөчөлүктөргө төмөнкүлөр кирет:
— Медициналык — мисалы, ооруга байланыштуу маскаларды колдонуу;
— Кесиптик иш — коопсуздук шаймандары талап кылынган шарттар;
— Спорттук, маданий жана коомдук иш — чаралар — карнавалдар же спорттук иш-чаралар;
Мыйзам коомдук жайларда жарандардын коопсуздугун жана идентификациясын жогорулатууга багытталган.