Кыргызстанда Касым Тыныстанов тууралуу кыска метраждуу тасма тартылды (видео)

Кыргызстанда Касым Тыныстанов тууралуу кыска метраждуу тасма тартылды. Тасма Ethnomedia Youtube каналына жарыяланды.

Тасманын режиссеру Мурат Мамбетов. Тасма Касым Тыныстанов атындагы фонддун заказы менен тартылган.

Касым Тыныстанов — кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист, биринчи кыргыз профессору.