Кыргызстанда kg домендик зонасы иштебей калды. Учурда калыбына келтирилди

Бүгүн, 24-августта эртең менен Кыргызстанда kg домени бар сайттар ачылбай калды. Сайттардын иштебей калышынын себептерин журналисттерге Азия Инфо компаниясынан айтып беришти.

Техникалык колдоо кызматынын маалыматы боюнча, домендик аймактын ачылбай калышы саат 9:26да башталган. «Домендик зонада анча-мынча көйгөйлөр бар болчу. Азыр баары калыбына келтирилди. Учурда бардык сайттар ачылып жатат», — деп билдиришти компаниядан.

Мүчүлүштүктөрдүн себептери иликтенип жатат. Аларды жок кылууга 27 мүнөт кеткен.