Кыргызстанда кой менен эчкинин саны азайды

2022-жылдын 1-февралына карата республикада бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 31,2 миң тонна эт өндүрүлдү, мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 774 тоннага же 2,6 пайызга эт көбүрөөк өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Улуттук статистика комитетинин кыска маалыматы боюнча, 2021-жылдын аягына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 34,6 миң башка көбөйүп, 1 миллион 750 миң 300 башты түздү, жылкынын саны 7,7 миң башка көбөйүп, 547,3 миң башты түздү, ал эми кой жана эчкинин саны 865 башка азайып, 6 миллион 277 миң 800 башты түздү жана үй канаттуулардын саны 146,4 миң башка азайып, 5 миллион 923 миң 900 башты түздү.