Кыргызстанда колдонулуп жаткан COVID-19га каршы вакциналардын сапаты жана коопсуздугу

Республикалык штаб Кыргызстанда колдонулуп жаткан COVID-19га каршы вакциналардын сапаты жана коопсуздугу боюнча маалымат берди.

Эффективдүүлүгү жана коопсуздугу боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуш кылган, эксперттик баалоодон өткөн — Sinopharm, AstraZeneca вакциналары. Бул вакциналар өлкөгө гуманитардык жардам катары келген.

 AstraZeneca — Оксфорд университинин вакцинасын изилдөөгө жалпы 11 636 адам катышып, анын эффективдүүлүгү 70,4 пайызды түзгөн. Бирок, тромбоздун өнүгүшү сыяктуу терс таасирлери жөнүндө көптөгөн жарыялар болгон. Бул жарыяларды жана маалыматтарды талдоонун натыйжалары боюнча, дарылоо жана алдын алуу боюнча клиникалык көрсөтмөлөр өзгөртүүлөр менен иштелип чыккан.

 Sinopharm — 60 жаштан жогору бейтаптарда эффективдүүлүк болжол менен 76 пайызды түзөт. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өзгөчө кырдаалдарда Кытайдын Sinopharm вакцинасын COVID-19га каршы колдонулуучу дары-дармектердин тизмесине кошуп, аны 18 жаштан жогору курактагы адамдарга үч-төрт жума аралыгында эки дозадан турган график менен эмдөөгө уруксат берген.

Орусиянын вакцинасы Gam-COVID-Vac/Sputnik V изилдөөсүнө 20 миңдей адам катышкан, вакцина 21 күн аралыгында эки доза менен 91,6 пайыз эффективдүүлүгүн көрсөткөн. Вакцина Орусия Федерациясында 2-этаптан кийин катталып, 3-этабы, тилекке каршы, милдеттүү эмдөө компаниясы менен байланышкан. Ушул мезгилдеги коопсуздук профилинин маалыматтары эч жерде жарыяланган эмес. Ушуга байланыштуу, ал Орусиянын медициналык коомчулугунда чоң талаш-тартыштарды жана карама-каршылыктарды жаратат.