Кыргызстанда коронавируска каршы дары чыгабы? Садыр Жапаровдун жообу

Бүгүн Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Аскер Жаныбаев президент Садыр Жапаровго былтыркы айткан сөздөрүн эске салды.

Ал «Урматтуу, Садыр Нургожоевич былтыр менде бул ооруга каршы рецепт бар деп жаздыңыз эле. Ошол рецепт менен дары чыгартып баштабайсызбы? Былтыр президентке кайрылуу жасап жаткан болсоңуз, быйыл бардык мүмкүнчүлүктөр колуңузда турат го»,- деп жазган.

Ага президент Садыр Жапаров: «Ошол рецепт иштеп жатат»,- деп жооп берген.