Кыргызстанда күйдүргүнүн 500дөн ашуун очогу аныкталды

Кыргызстанда малдын жугуштуу ылаңына чалдыккан 86 учур катталды. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алардын көбү кутурма. «Жырткыч жаныбарлар кутурма оорусун алып жүрүшөт. Бул карышкырлар жана түлкүлөр. Айылдарга келип, малга, адамдарга кол салышат. Кутурма тиштегенде шилекей аркылуу жугат», — дейт Бакыт Шарапов.

Мындан тышкары, күйдүргүнүн эки учуру катталды – Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда. Республика боюнча жалпысынан 565 күйдүргүнүн очогу бар. Жыл сайын жугуштуу оорулардын алдын алууга 87 миллион сомго жакын каражат бөлүнөрүн ветеринардык кызматтын башчысынын орун басары баса белгиледи.