Кыргызстанда акыркы 30 жылда күрүчтүн айдоо аянты 5 эсе көбөйгөнүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
2024-жылы 12 200 га аянтка күрүч өстүрүлгөн. Дүң жыйымы 24 эсе көбөйүп 47,5-48 миң тоннаны түздү.
Былтыр күрүч 11 787 га аянтка жерге өндүрүлүп, айырма 419 га аянтка көп болду.
Облустар боюнча күрүч сортторун бөлүштүрүү төмөнкүдөй:
Баткен облусунда девзирдин жергиликтүү «жайдары» сорттору, табигый тандалуу ыкмасы менен чыгарылган «кенже» жана «Чыңгыз Ак-турпак» сорттору, өзбекстандык «лазер» жана «узрос» сорттору өстүрүлөт же аны «Анжиян» деп аташат.
Жалал-Абад облусунда Өзбекстандан алып келинген «аланга», мустакил, «лазер», «чемпион», «авангард» сорттору, ошондой эле жергиликтүү кара-кылтырык жана «девзира» сорттору өстүрүлөт.
Ош облусунда жергиликтүү «девзира», «ак-урук», «кара-кылгырык» сорттору жана жогоруда аталган сорттордон табигый тандалуу ыкмасы менен алынган «азим», «Рорзувай», «муса» сорттору, ошондой эле өзбекстандык «чемпион» сорттору өстүрүлөт.
Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунда өндүрүлгөн күрүчкө суроо-талаптын жогору болушу менен бааланат, анын түсү ак эмес, ачык күрөңдөн кара күрөңгө чейин.
Ал эми Жалал-Абад жана Баткен облустарында өндүрүлгөн күрүч негизинен ак түстө, тамак жасоодо диеталык жана ар кандай тамактарга колдонулат.