Кыргызстанда кыздар кеч турмушка чыга башташты

Кыргызстанда акыркы 20 жылда кыздардын никеге туруу жашы жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.

2001-жылы Бишкек шаарында кыздардын биринчи никеге турган орточо жашы 23 жашты түзгөн. 20 жылдан кийин бул көрсөткүч 4 жылга өсүп, 27 жашка жеткен.