Кыргызстанда кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө башталат

Кыргызстанда 14-ноябрдан тарта өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

227 миң 687 өспүрүм кыз эмделиши керек. Ишенапысова белгилегендей, максаттуу топтун 90 пайызын камтуу пландалууда. Рактын кээ бир түрлөрү вирустук инфекциялардан улам пайда болот. Мисалы, гепатит Б боор рагынын пайда болуу коркунучун жогорулатат. Гепатит В эмдөө бул инфекциядан жана боордун рак оорусунан коргойт.

Жатын моюнчасынын рагы адамдын папиллома вирусунан пайда болот. Профилактикалык эмдөө графигине ылайык адам папиллома вирусуна каршы эмдөө башталат, вакцинанын биринчи дозасы 11 жаштагы кыздарга, ошондой эле 12-14 жаштагы кыздарга сайылат.