Кыргызстанда кыздарга караганда балдар көп төрөлөт, бирок аялдар эркектерге салыштырмалуу узак жашашат

Kyrchyn, Kyrgyzstan, 6th September 2018: tender moment in between Kyrgyz mother and her son in their home yurt, dressed in traditional clothing

Өлкөдө аялдар жана эркектер тең санда, бирок аялдар 8 жылга көбүрөөк жашашат. Бул тууралуу Статистикалык комитеттен билдиришти.

2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 6,8 миллион адам жашайт, алардын 50,4 пайызын аялдар түзөт. Жыл сайын кыздарга караганда балдар көп төрөлөт, тагыраагы 100 кызга 105 бала жарыкка келет. Аялдардын саны алар 40 жашка толгондон кийин эркектерге караганда көптүк кылып баштайт жана 80 жаштан өткөндө эркектердин санына салыштырмалуу эки эсеге көптүк кылып калат. 2020-жылы аялдардын өмүрүнүн узактыгы орточо 76 жашты түзсө, эркектердики 68 жашты түзгөн.