Кыргызстанда кызматтык сапарлар үчүн суткалык акы көбөёт

Эмки жылдан тартып Кыргызстанда кызматтык сапарларга суткалык акы көбөёт. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Ага ылайык, 1-январдан тартып өлкө аймагы боюнча суткалык акы — 1000 сом (мурда 500 сом болчу), Бишкек шаары боюнча — 1200 сом болот.