Кыргызстанда Луговая-Балыкчы темир жолун электрлештирүү пландалып жатат

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы менен «Кытайдын №3 инженердик корпорациясынын темир жолдору» ЖЧКсынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Программанын алкагында Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолун куруу жана Луговая-Балыкчы темир жолун электрлештирүү боюнча инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Жакын арада Кытайдан Кыргызстанга делегация келип, алардын практикалык аткарылышын деталдуу талкуулашат.