Кыргызстанда мал-жандыктарды саноо башталды

Кыргызстанда мал-жандыктарды саноо башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Министрликтин 19-ноябрындагы токтомдорунун негизинде Улуттук статистика комитети менен биргеликте «Кыргызстандын аймагында малдарды жана үй канаттууларын кайра саноо” ведомстволор аралык буйрук иштелип жана басылып чыкан. Аталган буйруктун негизинде 2021-жылдын аягына карата өлкө аймагында малдарды жана үй канаттууларын кайра саноону иш-чараларынын планы бекитилди.

«Малдарды жана үй канаттууларын кайра саноо каттоочулар тарабынан жүргүзүлөт. Алар ар бир дыйкан, (фермердик) чарбанын, шаардык жана айыл жерлериндеги дачалык участкалардын, эс алуу үйлөрүнүн, пансионаттардын жана башка өзүнчө жайгашкан объекттердин короосуна милдеттүү түрдө кирип, санап чыгышат. Аталган иш-чаралардын планына ылайык, райондор боюнча кыскача жыйынтык 2022-жылдын 24-январында, ал эми өлкө боюнча (район, облус) жалпы жыйынтык 2022-жылдын 16-февралында белгилүү болот», — деп айтылат маалыматта.