22-марттан тарта мектептерде жазгы каникул башталат

Негизги окуу планына ылайык, Кыргызстандагы мектептерде жазгы каникул 22-марттан 31-мартка чейин болуп, он күнгө созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ошондой эде каникул аяктагандан кийин, 1-апрелде, өлкөнүн баардык аймактарындагы окуучулар салттуу билим берүү формасына кайтышат.