Кыргызстанда онлайн кинотеатр иштеп баштады

Кыргызстанда «Etnomedia» аттуу онлайн кинотеатр иштеп баштады. Аны ишке ашырган топтун башчысы, режиссер Сүйүн Откеев онлайн кинотеатрда учурда Кыргызстанда 1950-жылдан бери ушул кезге чейин тартылган 400дөй тасма киргизилгенин билдирди.

Откеев учурда кино тарткан 50дөй жеке компания менен келишим түзүлгөнүн дагы кошумчалады. Андан сырткары «Кыргыз фильм» киностудиясы менен келишим түзүлүп «Кыргыз керемети» фондуна кирген 80дей тасма дагы онлайн форматта көрүүчүлөргө жеткиликтүү болгонуна токтолду.

Откеев алардын баштаган бул иши авторлордун укугун коргоодо, пиратчылыкка каршы күрөшүүгө жакшы инструмент болорун айтты.

Ал ошондой эле, жаңы чыккан тасмаларды 1-2 жыл күтпөй дароо эле дүйнөнүн булуң-бурчунан телефондон, компьютерден жана ТВдан да көрсө болорун билдирди. Андан сырткары жаш балдар үчүн кыргызча контент көбөйтүүнүн үстүндө иштер жасалып жатканын белгиледи.