Кыргызстанда Орозо Айт майрамы 2-майга белгиленди

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде 2-май, дүйшөмбү күнү Орозо Айт майрамы деп белгиленди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

«Жогорудагы көрсөтүлгөн күн Айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.